www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жашар баланы өлтүрүүгө шектелип, жабырлануучунун апасы жана анын шериги кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2023-жылдын 28-сентябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө белгисиз себептерден улам каза болгон 2021-жылы туулган С.А. тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция окуя болгон жерге Аламүдүн районундагы «Көк-Жар» жаңы имаратында барышып, баланын денесинен ур-токмокко алынган болушу мүмкүн болгон дене жаракаттарын табышкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси  (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, баланын өлүмүнө денесинен оор жаракаттар жана боору жарылгандыгы себеп болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр: баланын апасы 2000-жылы туулган К.А. жана анын шериги, чет  өлкөнүн жараны 1996-жылы туулган М.А.А. кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости