www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеров NazarNews маалымат агенттигине  “Орто Азия эле эмес, башка мамлекеттер да Путинди таасирдүү президент катары тааныйт. Россия БРИКСти күчтөндүрсө, биз да мүчө болушубуз керек”  деген оюн айтты.

—Владимир Путин саммиттин урматына Кыргызстанга келери айтылууда. Путиндин Орто Азиядагы орду барган сайын жогорулап жатабы же төмөндөп атабы?

—Ооба. В. Путин, А. Лукошенко жана башка КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери 15-октябрда Бишкекке Самитке келээри маалымдалууда. Кыргызстан башка Борбордук Азия өлкөлөрү сыяктуу эле КМШга жана ЕАЕСке, ЖККУга (ОДКБ) кирет. Ошон үчүн бул өлкөлөр жөнү жок кадамдарга бара алышпайт. Булардын байыркы тарыхы да Россия менен тыгыз байланышта. Ошондуктан СССР урагандан кийин Евразия чөлкөмүн камтыган бир алкакты түзүп, бирге алга жылып келе жатышат. Бирок, акыркы Кытайдын Сианында, АКШнын Нью-Йоркунда, Германиянын Берлининде болгон жолугушуулар улуу державалар Борбор Азия өлкөлөрүн илгертен жалпы тарыхы бар, этносаясий, этномаданий жактан тыгыз байланышта жашап келишкен түрк калктарынын чөлкөмү катары кароону туура көргөндөй. Башкача айтканда, мурда Борбордук Азия өлкөлөрүн өз-өзүнчө карашса, бүгүндөн баштап, аларды бир чөлкөмдү туюнткан бир тууган элдер катары карап жатышканы байкалат. Кыскасы, Кыргызстан эле эмес, башка өлкөлөр деле Россиядан алыстап кете албайт.

Анан калса, акыркы учурларда Россия өзүнүн тышкы саясатын күчөтүп, БРИКС уюмун күчтөндүрүүнү көздөп жатат. Башкача айтканда, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүн БРИКСтин тегерегине чогултуу аракети күч алды. Бирок, бул жакшы, Себеби, БРИКС күчтөнсө, дүйнө өлкөлөрү үч ийри державанын тегерегине биригип, жер жүзүндө баланс сакталып, тынчтык орномок.

Мисалы, Бжезинский СССР кулагандан кийин дүйнөнү АКШ бийлейт деп ачык эле боолгологон. Бирок, экс-мамкатчы Генри Киссинджер АКШ бийлейт, бирок, Россия жана Кытайдын кызыкчылыктарын эске алуу менен үстөмдүк кылат деген божомолун айткан. Чынында эле АКШ бүгүн Генри Киссинджердин айткандарына таянып саясат жүргүзүп келет. Бирок, бул дүйнөнү АКШ бийлейт дегенге жатпайт.

Себеби, дүйнөдө баланс түзө тургандай жаңы катнаштардын формуласы түзүлүп келатат. Мисалы, Кытай БРИКСке киргенден бери, бул уюмда Россия менен Кытай лидер өлкөлөр катары таанылууда. Булар ШОСто да, БРИКСте да лидер өлкөлөр. Кытай да держава катары сакталары анык болуп турат. Росия болсо, жаны дүйнөлүк тартипте "Россия+Боорбор Азия+Кытай+БРИКС" формуласында дүйнөгө таасир берүүчү держава болуп калышы күтүлүүдө.

Башкача айтканда, жаңы дүйнөлүк тартипте бир дагы держава саясатта толук үстөмдүк кыла албайт. Буга башка дүйнө өлкөлөрү деле мүмкүнчүлүк бербейт. Дүйнө өлкөлөрү үчүн тынчтык жана стабилдүүлүк маанилүү болуп турат. Ошон үчүн дүйнө өлкөлөрү АКШны, Россияны, Кытайды лидер катары тутуп келишет жана булардын тегерегине өздөрүнүн симпатиясына жараша топтолуу байкалууда. Башкача айтканда, абсолюттук лидер держава болбойт. АКШ, Россия. Кытай ар кимиси өзүнүн таасир зоналары аркылуу үстөмдүк кылууга аракет кылат. Ошондой эле держава катары сакталат.

—Ошондо тышкы саясатта Россияга ыкташыбыз керекпи?

—Россия дүйнөдөгү үч державанын бири болуп калат. Биз Россия менен илгертеден тыгыз байланыштабыз. Ошон үчүн ЕАЭСтен, ЖККУдан ( ОДКБ)  чыгып, башка блокко кете деле албайбыз. АКШ жана Батыш алыс, Россия менен Кытай маңдайыбызда турат. Геосаясий жактан биз Россия менен  бирге болгонубуз туура.  Россия БРИСКти күчтөндүрсө, биз да БРИКСке киришибиз керек. Ошондо эл аралык саясатта курчуйбуз, дүйнөлүк аренада өз ордубузду табууга зор мүмкүнчүлүк алабыз.

—Барган сайын Путиндин кадыры өсүп, дүйнө эли таасирдүү президент катары кабыл ала баштадыбы?

—В. Путин дүйнөдөгү эң таасирдүү президенттердин бири. Муну эч ким тана албайт. Аны Орто Азия эле эмес, башка мамлекеттер да таасирдүү президент катары тааныйт. Украинада НАТО өлкөлөрү менен Россиянын кызыкчылыгы кагылышып жатканын баарыбыз эле билип турабыз. НАТО өлкөлөрү акырындык менен Украинаны өзүнө имерип алгысы келип жатат. Бирок, Путин НАТО өлкөлөрүнө туруштук берип, Россиянын кызыкчылыгын талашып, жеңишке жетип жатат. Ошондуктан Украина проблемасы Россиянын кызыкчылыктары толугу менен канааттандырылмайынча токтобойт. Бул жерде маселе кызыкчылыктардын кагылышында болууда. Эгерде Украина дагы деле каршылаша берсе, акыры  жеңилип, жерлеринин  бөлүнүшүнө алып келиши мүмкүн.

—Сиз Украинадагы жаңжалдын алгачкы күндөрүнөн тартып эле, Путин жеңип чыгат деп жаттыңыз. Оюңуз өзгөргөн жокпу?

—Жок. Эмнеге өзгөрмөк эле. Россия держава болгон чоң мамлекет да. Ал атайы операция эле жүргүзүп жатпайбы. Аскерин, элин толук мобилизациялаган жок да. Бул факторду эске алышпагандар Украинаны жеңет деп адашып жатышат. Бүгүн Украина кандай абалга кептелгенин, украин аскерлери чабуулга өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болуп, коргонууга өтүшкөнүн баарыбыз көрүп турабыз. Кыскасы, Украин-Орус согушунда Путин утуп чыгат деген ойдомун.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости