Бишкекте 11-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилеринде өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы:
- М. Фрунзе көчөсү;
- Манас проспектиси;
- Жибек Жолу проспектиси;
- Ж. Турусбеков көчөсү;
- К. Баялинов көчөсү;
- Ж. Абдрахманов көчөсү.
Белгилей кетсек, суу Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү иштерине байланыштуу токтотулат.
Булак: NazarNews.kg