www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун кандай гана ыкмасы болбосун, бул Батыш Европадагы лидерлерди эл аралык аренадагы саясий таасиринен ажыратат. Мындай кооптонуудан улам алар Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук кылууну тандап жатышат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине ЕККУнун башкы катчысынын мурдагы аскердик кеңешчиси (2014–2020), Швейцариянын Куралдуу күчтөрүнүн Генштабындагы подполковник (отставкада) Ральф Боссхард билдирди.
Анын пикиринде, Батыш Европанын жетекчилери башка альтернатива калбагандыктан, азырынча өз ролун аткара алган Украинанын армиясын колдонуу менен аскердик стратегияларга таянып турушат.
"Бул өлкөлөр тынчтыкка да, ок атууну токтотууга да кызыкдар эмес. Анткени эгер бул максаттар ишке ашып калса, алар дүйнөлүк саясаттагы таасирин жоготот. Ошондуктан азыр алар болгону башкалардын аракетин чаташтырып, сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу аракетинде", — деп эсептейт Боссхард.
Буга чейин Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро европалык мамлекеттер Россия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнө катышууга даяр экенин, бирок бул үчүн украин тарабы талап кылган 30 күндүк ок атышууну токтотуу режими орнотулушу керектигин айткан.
11-майда Россия президенти Владимир Путин Киевге түз сүйлөшүүлөрдү, эч кандай алдын ала шартсыз, кайра жандандырууну сунуштап, аларды 15-майда Стамбулда баштоого чакырган. Украина президенти Владимир Зеленский да бул күнү Стамбулга бара турганын билдирген.
Россия делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Анын курамына тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Генштабынын Башкы башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин кирет.
13-майда Ак үйдүн өкүлү билдиргендей, АКШ делегациясынын курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жана Украина боюнча атайын өкүл болот.