www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясы Альцгеймер оорусунун башталып кетишине себеп болушу мүмкүн экенин Пирогов атындагы Россиялык медициналык илимий-изилдөө университеттин Нейрогериатрия жана когнитивдик залалдар боюнча лабораториянын жетекчиси Элен Мхитаряндын айтканына таянып РИА Новости жазат.

"Эгерде бейтапта буга чейин азганактай гана өзгөрүүлөр байкалса, оорунун өрчүп кетишине түрткү болгон факторлор жетиштүү. Америкада изилдөө жасалып, 2020-жылы 42 миң адам Альцгеймер илдетинен көз жумганы белгилүү болду. Бул жыл сайын кездешкен көрүнүштөн алда канча көп катталган. Аталган оору табылган бейтаптардын саны коронавирус доорунан кийин кескин түрдө, тагыраагы, эки эсеге өсүп кеткен", – деген Мхитарян "COVID-19дан соң адамдын кайрадан калыбына келиши. Оорудан кийинки реабилитацияны кантип туура жүргүзүү керек?" деп аталган жыйында.

Ал коронавирус Альцгеймер оорусун пайда кылбай тургандыгын, бирок аны ойгото турган факторлордон болуп калышы мүмкүндүгүн айткан. Мхитарян COVID-19дан кийин кишиде кандайдыр бир белгилер байкалса, токтоосуз дарыгерге кайрылуу зарылдыгын эскерткен.

Альцгеймер оорусу — эс тутумдун бузулушу, жүрүм-турумдун өзгөрүшү жана интеллектинин прогрессивдүү түрдө төмөндөшү менен мүнөздөлгөн борбордук нерв системасынын дегенеративдүү илдети.

Буга чейин дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев Альцгеймер илдетинин белгилерин санап берген.

Бул оорунун белгилери адатта 45 жаштан тарта байкала баштайт. Алсак, адамдын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрөт. Индивидуалдык сапаттар өтө курч, рельефтүү, даана көрүнөт. Мисалы, мурда активдүү, шаңдуу жүргөн адам оорудан улам андан бетер шайыр болуп калат. Көпчүлүктүн арасында тамашалашканда анысы башкаларга өөн, өтө орой болуп, иренжитип же уялтып коюшу мүмкүн. Айрым адамдар жаш кезинде лидер болсо, кийин кеп-сөзгө келбей калат. Бул нерсе жакын туугандарына мүнөзү бузулуп баштагандай көрүнөт. Бара-бара оору экени анык билине баштайт. Андан тышкары, эске тутуусу начарлайт. Адам турмушта өтө унутчаак болуп, маалыматтарды кабыл алышы кыйындайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости