www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң жагымдуу сезимдердин тизмеги

Сезим – биздин жашоонун маанилүү негиздеринин бири. Жыт менен даамды бизди күндө сезебиз. Жашоодогу негизги биле турган нерсе – рахат алууну үйрөнүү жана бакытты эң жөнөкөй нерселерден табуу. Эң жагымдуу сезимдер:

· Узак күндөн кийин ыңгайсыз бут кийимди чечүү.

· Ымыркайдын жылмакай, жумшак бетинен өбүү.

· Узак күндөн кийин же уйкусуз түндөн кийин төшөккө кулоо.

· Жаңы китептин аңкыган жытын жыттоо.

· Күндүн таңкы нурларын денең менен сезүү.

· Таңкы кофенин биринчи ууртамы.

· Жайкы жамгыр алдында сейилдөө.

· Отко үшүгөн колдорду кактоо.

· Абдан сагынган адамыңды кучактоо.

· Сыртта жамгыр жаап жатканда жылуу төшөккө оронуу.

· Жаңы жуулган шейшепте уктоо.

· Таң атпай бир көзүңдү ачып, демалыш күн экенин түшүнүү. 

Булак: Азия News гезити

 

Последние новости