www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 27-октябрда тажик-ооган чек арасына жакын жерге кытайлык аскердик база курууну жактырды. Курулуш тажик Ички иштер министрлиги менен Кытайдын коопсуздук министрлиги ортосундагы келишимдин алкагында жүрмөкчү.

Тажик ички иштер мекемесинин жетекчи орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте билдиргендей, база Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Ишкашим районунун Вахан айылында курулат. Маалыматтарга караганда, объектиге тажик күч түзүмдөрү ээлик кылат.

Тажик өкмөтү, ошондой эле, буга чейин жайгашкан базаны толугу менен Бээжиндин көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү, Кытайдын аскердик жардамы үчүн эч кандай ижара акы албоону сунуш кылды. Бул жөнүндө Кытайдын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандын Тышкы министрлигине жөнөткөн билдирүүдө айтылат. Ал документти “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы көргөн.

Тараптар база бар экенин четке кагып келген, анын чоо-жайы, ким ээлик кылаары тууралуу да маалыматтар өтө аз.

Washington Post гезити 2019-жылы жергиликтүү тургундар менен ал жакта тартылган сүрөттөргө таянып, Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун базасы жайгашып келгенин жазган. Жергиликтүү тургундар америкалык журналисттерге ал жакта жүздөгөн кытайлык аскер жайгашканын айтып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости