www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер Батыш Орусиянын данына тыюу сала турган болсо, анда «ачарчылык» бул сезондун негизги коркунучу болуп калышы мүмкүн. Мындай пикирин Плеханов атындагы Орусиянын Экономикалык университетинин доценти Александр Тимофеев билдирдиргенин «Российская Газета» жазды.
Анын айтымында, саясаттан тышкары аба ырайы да буудай жеткирүүчүлөргө кыйынчылык жаратууда.
"Өткөн жылы АКШдан Батыш Европага буудай жеткирүүчүлөр алардын түшүмүнө коркунуч туудурган кургакчылыкка туш болушту. Ошондой эле өткөн жылдын күзүндө болгон катуу суу ташкындарынан улам Кытай да тарыхтагы эң начар түшүмгө туш болушу мүмкүн", - деди эксперт.
Буга чейин БУУ энергиянын жана азык-түлүктүн кымбатташына алып келген Украинадагы кризистен улам планетада ачкачылыктан жапа чеккендердин саны 220 миллионго жетерин эскерткен.
Эл аралык уюм атайын аскердик операция башталганга чейин эле 53 өлкөдө дээрлик 200 миллион ачкачылыктан жабыркап келишерин маалымдаган эле. Эксперттер абал мындан да начарлай берерин божомолдошууда.
Белгилей кетсек, Украинанын портторунда алты миллион тонна эгин кармалып турат. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун вице-директору Маурицио Мартина бул жөнөтүүлөр бошотулбаса, азык-түлүк коопсуздугунун туруксуздугу күчөтүлөрүн эскертти.
Маалыматка караганда, дүйнөдө буудайдын негизги экспорттоочулары Кытай, Индия, Орусия жана Украина. Ошол эле учурда Орусия менен Украинанын үлүшүнө дүйнөлүк буудайдын 30 пайызга жакыны, арпанын 29 пайызы, жүгөрүүнүн 15 пайызы жана күн карама майынын 75 пайызы туура келет.
Булак: NazarNews.kg