www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда экономикалык өсүш Донбасстын согуштук аракеттердин натыйжасында талкаланган, бошотулган аймактарын калыбына келтирүүнүн башталышы менен болот. Бул тууралуу тышкы жана коргонуу саясаты боюнча кеңештин президиумунун мүчөсү Александр Лосев РИА Новостиге билдирди.
«Дүйнөлүк экономиканын тажрыйбасы көрсөткөндөй, согуштук аракеттерден кийин калыбына келе баштаганда экономикалык өсүш жылына 10%дан ашат.
Бул үчүн ресурстар бар: бизде бюджеттин профицити бар, акча бар, жана энергетикалык ресурстар...
Ал эми калыбына келтирүү жана интеграциялоо долбоору ишке киргенде, бул экономикалык өсүшкө күчтүү түрткү берет.
Бул үчүн бөлүнгөн каражат жүз эселеп кайтып, ошол эле учурда инфляцияны жаратпайт», - деди Лосев.
Шаарларды жана райондорду калыбына келтирүү процесси Орусиянын, Донбасстын, Луганскинин ишканаларын жүктөөгө мүмкүндүк берет, алар Орусиянын экономикасына интеграцияланат.
Ошону менен бирге өлкөнүн ичиндеги керектөө суроо-талаптары, биринчи кезекте, өлкөнүн ИДПсына салым боло турган ата мекендик товарларды жана материалдарды сатып алууга түрткү болот.
Булак: NazarNews.kg