www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият саясатчыларды Куран менен ойнобоого чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) саясатчыларга кайрылып, “Куран менен ойнобогула!” деп чакырды. 12-майда муфтияттын сайтына жарыяланган кайрылууда Куранды “саясатчылар эмес, аалымдар чечмелөөсү” керектиги, аны “булгоого жана бурмалоого” жол берилбестиги, аны менен “каада күтүп, добуш алам дегендердин” ою арам экени белгиленди.

Анда “Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Куранда айтылган арам нерсени эч ким адал кыла албайт. Акыл жетпеген иште адис менен кеңешүү керек” деп айтылды.

11-майда Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда 56 макул, 13 каршы болгон добуш менен колдоп берген. Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев колуна Куран китебин алып, анда кумар оюндарынын “бир аз пайдасы бар” деп жазылганын айткан. Депутаттын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жартып, ал аятты аягына чейин окубаганы, уландысын окуганда мааниси башкача болорун айткандар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости