www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер АКШ азыркыдай аскердик саясатын уланта берсе, Тайван Украинанын кейпин кийиши мүмкүн. Мындай пикирин Шанхай эл аралык мамилелер институтунун директорунун орун басары Янь Аньлинь айтканын "Известия" жазды.
"Эгерде согуш коркунучу менен коштолгон азыркы кырдаал ушул багытта өнүгө турган болсо, анда Тайвань кысыгында айласыздан ок атылышы мүмкүн. Анда Тайвань Украина тандаган сценарийге кептелет. Кытайдын Коммунисттик партиясы мамилени тынчтык жолу менен өнүктүрүү саясатын жана "бир өлкө, эки система" принцибин колдойт", — деди адис.
Анын айтымында, учурда Тайвань кысыгында кырдаал курч. Аймак бир нече жылдан бери куралдуу кагылышуу коркунучун жаратып келет.
"Мунун негизги себеби — АКШнын Тайвандын жардамы менен Кытайды ооздуктоо аракети", — деди Янь Аньлинь.
Эске салсак, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуп кетти. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэй аэропортуна 2-августта конгон. Конгрессмен айым өз сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атады.
Пелосинин сапары 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечти.
Булак: NazarNews.kg