www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы блогер Ырыс Жекшеналиев апасына кат жазып, ал үчүн кабатыр болбоону өтүнгөн, анткени ал эртеби-кечпи бошотулаарына ишенет.

Катта Жекшеналиев аны колдогон ар бир адамга ыраазычылык билдирип, мунун аркасында сынбай турганын билдирди.

«Мага козголгон иш 100% саясий», - деп жазган Жекшеналиев өз катында.

Апасына кайрылып: "Апа, мен көп нерсени сизди ойлоп, унчукпай жүрдүм. Өзүңүздү жакшы караңыз, баары жакшы болот", -  деп жазган.

Эске салсак, Жекшеналиев акыркы мезгилде Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыгып келген. Кечээ, 14-август күнү ал ИИМ тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Ага карата "Массалык баш аламандык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров интернеттеги баракчасына "жалган патриотторго" чара көрүлүшү керектигин жазган. Мамлекет башчы кендин жеке колго өткөнү тууралуу маалымат жалган экенин айтты. Эки күн мурун Нарында жергиликтүү тургундардын митинги болуп, алар "Голд контент" ишканасын темир казуу лицензиясынан ажыратууну талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости