www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ блогердин кармалышынын чоо-жайын билдирди

Фейсбуктагы “Саясий туткун” баракчасынын администраторуна Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-августта Ырыс Жекшеналиевди оперативдүү кызматкерлер ИИМдин тергөө кызматына суракка алып кетишкени айтылган.

"Полит Узник» баракчасындагы жарыяланган макалалар кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди министрлик.

Бир күн мурун милиция кызматкерлери Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди алып кетишкен. Ал ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, андан соң 48  саатка кармалган.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенинин айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берген. Ал бул тармакты өнүктүрүүгө каршы чыккан активисттер менен саясатчыларды элди алдаганды токтотууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости