www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында милиция бөлүмүнө жеткирилген адам менен милиционерлердин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«13-августта Бишкек шаарынын тургуну (аял киши) милицияга кайрылган. Анын айтымында, 19:30 чамасында уулу үйгө мас болуп барып, үй эмеректерин талкалап, чыр чыгарган. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталып, анын негизинде милиция кызматкерлери 1987-жылы туулган Ф.В.ны милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Териштирүү жүрүп жатканда Ф.В. милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, урушуп, милиционердин кийимин айрып, мамлекеттик мүлктү талкалаган жана качып кетүүгө аракеттенген.

Буга байланыштуу милиция кызматкерлери самбонун ыкмаларын колдонушкан», - деп айтылат мааылматта.

Эске салсак, буга чейин интернетте милиция бөлүмүнүн кире беришинде милиция кызматкери белгисиз жаранды муштумдап жаткан видео тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости