www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Македония, Нидерландия жана Сербия Орусиядан газ сатып алуудан баш тарткан кийинки өлкөлөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу Vygon Consulting компаниясынын изилдөө директору Мария Белова РИА Новостиге билдирди.

Газ үчүн биринчилерден болуп Польша менен Болгария рубль менен төлөштү. Кийинчерээк маалымат каражаттары Финляндия да газ үчүн рубль менен төлөбөй коюуну чечкенин жазып чыгышкан. 27-апрелде "Газпром" болгариялык Bulgargaz компаниясы менен Польшанын PGNiG компаниясынан газ экспортун токтотту.

Белова Польша менен Болгариянын орус газын сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдери ушул жылдын аягында бүтүп жатканын, биринчиси келишимди узартпай турганын эки жыл мурда жарыялаганын эске салды.

"2022-жылы Түндүк Македония, Нидерландия, Сербия жана бир катар немис компаниялары менен келишимдердин мөөнөтү бүтөт. Ошондуктан, алардын бири кызматташууну улантуудан баш тартууну күтсө болот", - деди Мария Белова.

Эске салсак, 23-мартта президент Владимир Путин Евробиримдик өлкөлөрүнө жана Орусияга каршы чектөө чараларын киргизген башка мамлекеттерге газ үчүн төлөм рублга которулганын жарыялаган.

Андан кийин ал тийиштүү жарлыкка кол коюп, эгер дос эмес өлкөлөр 1-апрелден тарта рубль менен төлөбөсө, анда Орусия муну газ келишими боюнча дефолт деп эсептей турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости