www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эксперт: Украинадагы согушка Америка жооптуу

Плимут университетинин Таануу институтунун изилдөөчүсү, докторанты Т.Ж.Коулз АКШ Украинаны Орусияга каршы куралга айландырганын билдирди. Мындай пикирин ал The Gray Zone маалымат порталына айткан.

Коулз АКШнын Украинадагы негизги максатын ачыктап, Кошмо Штаттары 20 жылдан ашык убакыттан бери Украинаны «кутурганча милитаризациялап», күч-аракеттерин Орусияга каршы багыттап жатканын айтты. Анын пикиринде, Украинада болуп жаткан окуяларга америкалык тарап жооптуу.

Макала автору АКШ 2013-2014-жылдары Украинада мамлекеттик төңкөрүш уюштурганын, андан кийин америкалык аскерлер украин аскерлерин эл жашаган аймактарда аскердик операцияларды жүргүзүүгө машыктырганын белгилеген. Ал Украинаны милитаризациялоону «толук спектрдеги үстөмдүккө» болгон параноидиялык каалоо деп атады.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости