www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 6-апрелде, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүү жүрүшүндө Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду «Центерра» компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, макулдашууга жетишүү оңой болбогонун белгиледи.
Ал кыргыз тараптан кыргыз элинин кызыкчылыгы гана биринчи орунга коюлганын белгиледи. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болду.
Тараптар алдыдагы мааракелик дата — эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына басым жасоо менен кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жана Евразия экономикалык форумунун алкагында Казакстандын Президентинин Кыргызстанга сапарын макулдашты.
Ошону менен катар Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын чек арасын Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына кароону өтүндү. Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына бул маселени негиздүү түрдө кароону тапшыра турганын билдирди.
Тараптар ошондой эле, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Соңунда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты.