www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык дарыгерлер COVID-19дун жеңил түрү менен ооруган бейтаптардын биринде BA1.1 деп аталган коронавирустун жаңы штаммын аныкташты. 

Ковиддин алдын алуу боюнча мекеме аралык комиссиянын маалыматы боюнча, Omicron жаңы штаммы пайда болушу мүмкүн. Өткөн ишембиде бул ооруу Шанхайга жакын шаардан табылган жана бир күн мурун Кытайдын түндүгүндөгү бейтаптан аныкталган. Жаңы штамм канчалык жугуштуу экени жана оору канчалык кеңири жайылганы азырынча белгисиз.

Эске сала кетсек, 28-марттан 3-апрелге чейин дүйнөдө СОВИД-19 инфекциясын жуктургандардын саны 10 миллион 350 адамга жетти. Алардын 26 миңден ашыгы оорудан каза болгон.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, өткөн аптада өлүмдүн көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 43%, ал эми инфекциялангандардын саны 16% азайган.

Өлүмдүн деңгээли кескин төмөндөдү, өзгөчө Түштүк-Чыгыш Азияда – 73 пайызга. Түндүк жана Түштүк Америкада да көрсөткүчтөр оң - 63 пайызга. Ооругандардын санынын азайышы бардык аймактарда катталган. Тактап айтканда, Африкада 19 пайызга, Европада 16 пайызга жана Батыш Тынч океан аймагында 16 пайызга азайды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын өнүгүшү уланууда. Андыктан келечекте анын жаңы варианттары пайда болоорун жокко чыгарууга болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости