www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ЭКСПО 2025 эл аралык көргөзмөсүндө алтын сыйлык алууга олуттуу салым кошкон искусство ишмерлерин сыйлашты.
Сыйлангандардын катарында дизайнерлер, колдонмо искусствонун чеберлери, кол өнөрчүлөр жана графикалык дизайнерлер бар. Алардын эмгектери Кыргызстандын маданий мурасын эл аралык аренада татыктуу таанытты. Алардын чыгармачылыгы өлкөнүн өзгөчөлүгүн, салттарын жана заманбап көркөм ой жүгүртүүсүн даана чагылдырды.
Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров өз сөзүндө катышуучуларга талыкпас эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана өз ишине берилгендиги үчүн чын ыкластуу ыраазычылык билдирди. Ал алардын улуттук маданиятты сактоодогу жана жайылтуу багытындагы салымынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, дал ушундай чеберлер Кыргызстандын дүйнөдөгү маданий жүзүн калыптандырарын баса белгиледи.