www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экспортко тыюу салынган товарлардын тизмеси

Мамлекеттик чек ара кызматы экспортко тыюу салынган товарлардын тизмесин эске салды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынан товарларды жана медициналык техниканы мыйзамсыз экспорттоо боюнча бир нече жолу жасалган аракеттер токтотулган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ушул мезгилде мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча өткөрүү пунктунун чек арачылары, Кыргыз Республикасынан келе жаткан унааларды текшерүү учурунда, жалпы суммасы 46 миллион 300 миң сомдон ашкан медициналык каражаттарды аныктап, кармашкан.

 

Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-июлундагы No390 токтому менен аныкталат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле дары-дармектердин айрым түрлөрүнүн жана адистештирилген медициналык шаймандардын жетишсиздигинин шартында Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды жана ишкерлерди жогоруда аталган категориядагы товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууга чакырат.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости