www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марста суусу туздуу көлдөр табылды

Италиялык окумуштуулар Марс планетасынын түштүк уюлундагы мөңгүлөрдүн алдынан суусу туздуу көлдөрдү табышты. Бул тууралуу Nature Astronomy журналына таянып РИА Новости жазды.

Ачылышты астрономдор Mars Express орбиталык зонду аркылуу 2010-2019-жылдарда алынган маалыматтардын негизинде жасашкан.

Ага ылайык, төрт көлмө бар, анын эң чоңу чок ортодо турат. Анын кеңдиги 30 чакырымды түзөт. Көлдөр бир жарым чакырым тереңдикте жайгашкан.

"Биз ал көлдөрдү перхлораттардын коюу туздуу суусу менен толтурулган деп божомолдоп жатабыз. Болжол менен алар планетанын полярдык аймактарында мезгил-мезгили менен пайда болот", — деп айтылат иликтөөчүлөрдүн билдирүүсүндө.

Окумуштуулар кадимки суу Марста же анын бетинде микробдордун жашоо ыктымалдыгын жогорулатат деп белгилеп, бирок бул илимий божомолду тастыктоо үчүн изилдөөлөрдү улантуу зарылдыгын белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости