www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоӊ РИИБинин экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баӊги затын сактоо үчүн мыйзамсыз деп табылган «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымынын мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган Кара-Талаа айылынын 35 жаштагы тургуну Т. Эсенбек кармалды. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ысык-Көл ОИИБинен Сталбек Усубакунов билдирди. 

Изкубарлардын айтымында, аларга Кара-Талаа айылынын тургуну үйүндө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөт деген ыкчам маалымат түшкөн. Шектүү адамдын өздүгү жана жашаган жери аныкталган.

11-февралда анын үйүндө санкциялаштырылган тинтүү иштери жүргүзүлгөн мезгилде салмагы 340 граммды түзгөн жапайы кендир жыттанган өсүмдүк, божомолдуу марихуана далил зат катары алынды.

Аталган факт Тоӊ РИИБдин КЖБРне катталып, жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, алынган баӊги заты кайсыл түргө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүгө баш коргоо чарасы кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости