www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсулуу Кудайбердиева кайрадан УКМКга суракка чакырылды

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) кайрадан суракка чакырылганын "Facebook" баракчасына жазды.

Ал мурунку жолу суракка келгенде тергөөчү алып калган телефонун алуу үчүн келгенин айтты. Бирок анын ичинде эмне бар экенин көрсөтүшү керек.

Айсулуу Кудайбердиеванын суракка чакырылганы тууралуу УКМК азырынча маалымат бере элек. "Азаттык" маалымат сурап атайын кызматка кайрылды.

Айсулуу Кудайбердиева 29-сентябрда УКМКда эки сааттай суракка алынган. Атайын кызматка сурак бергенин Кудайбердиева "Фейсбук" баракчасына жазган.

29-сентябрда атайын кызматтын өкүлдөрү Айсулуу Кудайбердиеванын үйүн тинтиген.

Соңку президенттик шайлоодо талапкер Равшан Жээнбековдун штабында иштеген Кудайбердиева социалдык тармактарды активдүү колдонот.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости