www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Улуттук валютабыздын тагдыры менен ойноо мамлекетибиздин келечегине терс таасирин тийгизет», - деди бүгүн, 1-октябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилсе, каржы көзөмөл мекемесинин көз карандысыздыгын жоготуп, валюталык кризис жаратабы?

- Улуттук банк боюнча бир топ убакыттан бери Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев аркылуу саясат жүргүзүлүп келгенинин аягы Улуттук Банктын төрагасынын өз каалоосу менен кызматтан кетишине алып келди. Бул көрүнүш өтө өкүнүчтүү.

Себеби Т. Абдыгулов өтө кесипкөй бүгүнкү күндөгү рынок талабын жогорку деңгээлде билген жана дүйнөлүк акча кыймылдарынын күрө тамырын жакшы байкай билген адис эле.

Мен финансист эмесмин, бирок так айталам, улуттук валютабыздын тагдыры менен ойноо мамлекетибиздин келечегине терс таасирин тийгизет. Ошон үчүн мындай маселеде сак болушуп, жети өлчөп бир кесишибиз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости