www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио Китодогу демонстрация учурунда атып өлтүрүлдү, деп билдирет РИА Новости.

Белгилүү болгондой, кол салуу саясатчы унаага отурганда болгон.

Саясатчынын башына митинг учурунда үч ок тийген. Ошондой эле андан сырткары сегиз адам жабыркап, алардын жетөө ооруканага жаткырылды.

Ал полиция кайтарган талапкерлердин бири болгон. Бир жума мурун саясатчы коркутуулар тууралуу билдирген.

Өлкөнүн учурдагы президенти Гильермо Лассо талапкер Вильявисенсионун өлүмүн тастыктады.

"Президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсионун өлтүрүлүшүнө кайгырдым жана шок болдум. Анын жубайына жана кыздарына көңүл айтам", — деп жазды ал Twitter баракчасына. Мамлекет башчысы бул кылмышты жазасыз калтырбай турганын убада кылды.

Кийинчерээк коопсуздук күчтөрү Фернандо Вильявисенсионун өлүмүнө шектүүнү кармаганы белгилүү болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы Twitterде билдирди.

Шектүү коопсуздук кызматкерлери тарабынан атышууда жарадар болгон. Ал оор жаракаттары менен прокуратуранын Оор кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнө жеткирилген. Кийин алган жараатынан улам каза болгон.

Сурамжылоолорго ылайык, Вильявисенсио шайлоодо жеңишке жетиш үчүн элдин колдоосуна ээ болгон эмес. Эквадордо президенттик шайлоо 20-августка белгиленген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости