www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл акыны Гүлсайра Момунова көз жумду

Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова оорудан улам каза болгонун жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, 83 жаштагы акын пневмонияга кабылып, үч күн мурун ооруканадан чыккан.

Алдын ала маалымат боюнча, Момунованын сөөгү 13-август күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

1971-жылы Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан бери СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

1987-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын алган. 2001-жылы "Эр Манас урпагы" медалы менен сыйланып, 2003-жылы "Түгөлбай Ата" адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости