www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык астронавттар тобу Жерге кайтты

SpaceX компаниясынын эл аралык экипажды космоско алып барып келген Crew Dragon кемеси бүгүн 12-мартта Жерге кайтты. Космостук кеме АКШнын Флорида штатынын жээгиндеги Мексика булуңуна келип түшкөнүн NASA билдирди.

Эл аралык космостук станциядан "Роскосмостун" космонавты Константин Борисов, NASAнын астронавты Жасмин Могбели, Европалык космостук агенттиктин (ESA) астронавты, даниялык Андреас Могенсен жана Жапониянын Аэрокосмостук изилдөөлөр агенттигинин (JAXA) астронавты Сатоси Фурукава кайтып келишти.

Бул эл аралык экипаж Космоско былтыр август айында барган.

Алардын ордуна иштей турган астронавттар тобу SpaceX капсуласы менен Космоско өткөн аптада жетти.

Орусиялык космонавттардын америкалык Crew Dragon кемелеринде жана америкалык астронавттардын орусиялык "Союз МС" кемелеринде учуп, кызматташуусу тууралуу келишим 2022-жылдын июлунда кабыл алынган. Кийин бул келишим мөөнөтү 2025-жылга узартылганы маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости