www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу кызматынын №2 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан адамга алып келинген торттун ичинен телефон табылды.

Аталган мекеме билдиргендей, буга байланыштуу телефонду жашырып киргизүүгө аракет кылган жаранга 17,5 миң сом айып пул салынды.

Жаза аткаруу кызматы абактарда кармалып отургандарга сырттан берилчү азык-түлүк жана башка керектүү буюмдар тыкыр текшерилерин, тыюу салынган буюмдарды берүүгө аракеттенгендер мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдирди.

Кыргызстандын жабык жайларында отургандардан уюлдук телефон, кесүүчү, саюучу буюмдар табылган учурлар тууралуу буга чейин расмий маалыматтар тараган.

Последние новости