www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган «Эне тил улутту сактайт» темасындагы акын-жазуучулардын студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.

Акындар менен бетме-бет пикир алышуу эч кимди көңүл кош калтырбай, убакыттын зымырап өткөндүгү билинбеди. Поэзиянын күчү дайыма укмуштуу,ал эми укмуштуу менен жанашуу дайыма бийик. Атактуу акын-жазуучулар Сейит Жетимишев, Тазагүл Закирова, Калчоро Көкүлов, Атантай Акбаров, Бактыгүл Чотурова, Жыпар Исабаева кеченин чыныгы көркү болушту, убакыттын көбүнчөсү алардын ырларын окууга арналды. Сүйүктүү акындардын ырын окуу үчүн, сыймыктанган студенттер кезекке турушту жана өзүнүн алгачкы чыгармаларынатактуу акындардын сыноосуна тартуулашты. Жооп катары акындар кол тамгасы түшүрүлгөн  өз китептерин белеккеберишти.Бул угуучуларга авторлордун таза жана шыктандыруучу ойлорун ачкан лирикалык саптардын жеңил агымы болду.

Жолугушуу баарына жагымдуу сезимдерди тартуулап жана көпчүлүк үчүн укмуштай кызыктуу ачылыш болду!Биз кезектеги жолу кыргыз жеринин таланттары менен тааныштык жана чыгармачылыктын жаңы чегин ачтык. Бул жолугушууда белгилүү акын-жазуучулардын жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин таланттуу студенттеринин ортосунда атактууадамдардын поэзиясы жана чыгармачылыктары жөнүндө, адамдын калыптанышындагы эне тилдин орду жана маанисижөнүндө бетме-бет жана ачык-айкын сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Чыгармачылык жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызпатенттин аткарганиши жөнүндө, чыгармачыл жаштарды колдоого багытталган көп жылдан бери ишке ашырылуучу “Саамалык” жана “Жети жаш автор” долбоорлору, автордук укукту коргоо жөнүндө мекеменин кызматкерлери маалымат берди.

Иш-чара Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору К. Садыков, кыргыз филология, журналистика, физика жана электроника, чет тилдер факультеттеринин студенттеринин катышуусу менен аталган университетте болуп өттү.  Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев ыр жазууну үйрөнүү татаал, бирок поэзияны сезип түшүнүүгө ар кимдин мүмкүнчүлүгү бар жана аны өркүндөтүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызпатент ишке ашыруучу чыгармачыл жаштарды колдоо программаларына активдүү катышууга студенттерди үгүттөдү. Ошондой эле ал университеттин жетекчилигине иш-чараны өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымдама:

Эл аралык эне тил күнү 1999-жылдын ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланып, тил жана маданий көп түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү үчүн жылыга 21-февралда белгиленет.

Бул дата 1952-жылдын 21-февралында азыркы Бангладештин борбору Даккада болуп өткөн окуяларды эскерүү иретинде тандалып алынган. Анда өз эне тили – бенгали тилин коргоо үчүн  демонстрацияга чыккан студенттер полициянын окторунан каза болгон.

Тил дүйнөлүк маданий мурасты сактоонун жана өнүктүрүүнүн күчтүү аспабы болуп эсептелет. Эне тилин жайылтуу боюнча ишмердүүлүк лингвистикалык эле эмес, маданий көп түрдүүлүккө жардам бербестен, бүткүл дүйнөдөгү тилдерди жана маданий салттарды  тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Эне тили адам баласынын жашоодогу багытына, анын ордуна уникалдуу таасир берет жана тирүү мурас болуп эсептелет, ага биз олуттуу мамиле кылып, өркүндөтүүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости