www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдагы хоккей боюнча чемпионат Беларустун борбору Минскиде өтпөй калды. Мындай чечимди Эл аралык хоккей федерациясы 18-январда жарыялады. Федерация мындай кадамга коопсуздук маселелеринен улам барып жатканын түшүндүрдү.

«Эл аралык федерация Беларуста өтчү чемпионат учурунда команда мүчөлөрүнүн, көрөрмандардын жана расмий коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эмес деп аныктады», деп айтылат билдирүүдө.

Бул кабарды Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Рене Фазел да бышыктады.

2021-жылдагы чемпионат Беларуста жана Латвияда өтмөк. Эми спорттук иш-чара Латвияда эле өтөбү же Беларустун ордуна башка бир өлкө тандалабы - азырынча белгисиз.

Буга чейин оппозиция өкүлдөрү, Латвия, ошондой эле чемпионаттын башка бир катар катышуучулары Минск тынчтык акцияларын ырайымсыздык менен баскандыктан, хоккей федерациясын бул турнирди Беларуста өткөрбөөгө чакырып келген. Чемпионаттын башкы демөөрчүлөрү - «Škoda» жана «Nivea» спорттук иш-чараны колдобой турганын жарыялашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости