www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаарынын жайлуу аймак башкармалыгынын башчысы Сапар Нурашев менен Bi-Industrial компаниясынын директору коронавирус жуккандарды дарылай турган модулдук инфекциялык оорукананын курулушуна бөлүнгөн 9,3 млн доллар каражатты кымырып алууга шектелүүдө.

Бул тууралуу 18-январда коррупцияга каршы кызмат билдирди. Маалыматка караганда, “ишенип тапшырылган мүлктү ээлеп алуу же талоонго учуратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Айрым жергиликтүү басылмалар Нурашевдин кармалганын жазышты. Бирок Алматы шаардык акимчилиги бул маалыматты төгүндөп, аткаминер жумуш ордунда эмес экенин кабарлады.

Алматыда коронавирус жуккандарды дарылоого багытталган жаңы инфекциялык оорукана былтыр жазында курулган. 18 күн ичинде даяр болгон медициналык мекемеге 5,5 миллиард теңге (13,1 млн доллар) каражат жумшалганы айтылган. Кеч күздө госпиталдын суукка туруштук бербей турганы аныкталып, бейтаптар башка ооруканага көчүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости