www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик департаменти Орусияда кармалган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды бошотууга чакырды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеого таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

--"АКШ Орусиянын Алексей Навальныйды камакка алуу чечимин кескин айыптайт. Биз анын камакка алынышын Навальный сыяктуу орус бийлигин сындаган башка оппозиция өкүлдөрүнүн да оозун басуу аракети катары баалайбыз жана бул аракетке тынчсыздануубузду билдиребиз. Биз анын токтоосуз жана шартсыз бошотулушун талап кылабыз", - деп билдирген АКШнын мамлекеттик катчысы.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Мария Захарова Навальныйдын айланасындагы кырдаал боюнча чет элдик саясатчыларды эл аралык мыйзамдарды сыйлоого жана өз өлкөлөрүнүн көйгөйлөрү менен алек болууга чакырды.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган. Ал баш коргоо чарасы аныкталганга чейин камакта калды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости