www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик коронавирус бар экенин четке кагып келген Түркмөнстан Орусия өндүргөн «Sputnik V» вакцинасын каттады. Бул тууралуу вакцинаны иштеп чыккан Орусиянын Түз инвестициялар фонду кабарлады. Анда Түркмөнстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн алгачкы болуп вакцинаны каттоого алганы айтылат.

Түркмөнстан COVID-19 вирусунун өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө өпкө кагынынан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий түрдө Ашхабадга коронавирусту аныктачу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган. Бирок, мындай сунушка карабай Түркмөнстан вирус өлкөнүн аймагында жок экенин айтып, жардам кабыл алган эмес.

Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги коронавируска тиешелүү шек жаратуучу фактылар байкалса дагы, илдетке тиешелүү сөздөрдү четке кагып, башка себептерди шылтоо кылуу менен өз жарандарына бир катар чектөө киргизген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости