www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун көйгөйлүү мектептерин кыдырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматына таянсак, Жайыл районуна караштуу Ийри-Суу айылындагы мектептин, Москва районуна караштуу Ленин атындагы орто мектептин жана Панфилов районунун Кум-Арык айылындагы мектептин эскилиги жетип, бүгүнкү күндө мектептер өзгөчө кооптуу абалда. Министр мектептерге тиешелүү кагаздар менен таанышып, министрлик өкмөт менен биргеликте бул көйгөйлөрдү чече тургандыгын айтты.

Алмазбек Бейшеналиев мектептин чарба кызматкерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

“Билим берүү тармагындагы уюмдарды тейлеп жаткан персоналдын эмгеги айтылбай калат. Чынын айтканда, сиздердин эмгегиңиздер өтө маанилүү. Сиздердин эмгегиңиздерге көңүл буруу убактысы келди”, - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости