www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министрлиги Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын масштабын иликтейт.

Министрлик кабарлагандай, изилдөө жүргүзүү укугу тендерде утуп чыккан эл аралык "Pricewaterhause Coopers LLP" компаниясына тийди.

Эксперттер көмүскө экономиканын негизги себептерин иликтеп, аны азайтуунун жолдорун сунуш кылышат. Анын жыйынтыгы менен Экономика министрлиги 2019-2020-жылдарга карата иш мерчемин түзүп чыгат.

Министрлик көмүскө экономиканын көлөмү дагы эле чоң экенин белгилейт. Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы экономиканын көмүскө бөлүгү 23,8 пайызды түзгөн.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости