www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы» - деген кеп бар. Элдин башына түйшүк түшкөн оор кырдаалдарда элге жардамын аябаган «Исмаил-Ата» фонду, жарандык активисттер тикесинен-тик туруп жардамын берип жатканы былтыркы коронавирус кырдаалында эле билинген. Баткен окуясында да ушулар алдыга чыкты. Эл Баткен үчүн кайгырып жатса, кыргыз миллиардерлери эмнеге кайгырып жатат:

1. Бабанов Өмүрбек – ЖКнын экс-депутаты, экс-премьер-министр -  1.7 - 1. 9 млрд. $. Кайрымдуулугун Орусияга жасап Пензага 380 млн. долларга завод куруп берген. УКК боюнча козголгон кылмыш иштери бар эле, бүттүгө чыкканы элди ойлобой калды. Коронавируска каршы тапкан ташыганынын океандан бир тамчысын ыргытымыш болуп коюп, соттон «аппак» болуп, агарып алды. Эми ал Баткенди ойлоп да койгон жок, ал кантип акчасын көбөйтсөм деп, ошону гана ойлоп калды.

2. Салымбеков Аскар – ЖКнын экс-депутаты, “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси-1.4 млрд. - 1.6 млрд. $. Ал бир учурда кайрымдуулугун Кытайга көрсөтүп «Шоро» ишканасын куруп берген, ал эми Кытайда  коронавирус башталган мезгилде 50 миң маска кайрымдуулукка берген, кыргыз элине да көптөгөн кайрымдуулук акцияларын кылып келе жатат. Бул ирет ал кандай кайрымдуулукка бара тургандыгы тууралуу, элге жете элек. Балким элге айтпай гуманитардык жардамдарын берип жаткандыр. Бирок ушул мезгилде Салымбеков Аскарды түйшөлдүргөн башка көйгөйлөр да бар. Анын «Эмгек» партиясы 2011-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаардык кеңешке биринчи орунда келген. Бирок, бийлик муну жактырбасы белгилүү. Эгер СДПК биринчи орунду албаса Атамбаев эбакта Салымбековду каматып салмак.

3. Атамбаев Алмазбек, экс -президент – 1.2 млрд. $. Кайрымдуулугун Түркияга көрсөтүп жүрчү, Эрдоган менен эрегише кетип токтоткон, камакта. Камакка шылтоолоп кайрымдуулуктан качып жүргөндөй. Арийне, Сапар Исаковго колдоо көрсөтөм дегенде акча каражатын аябайт. Учурда бардык акча жана материалдык каражатын Сапар Исаковдун мамлекет башчысына келиши үчүн жумшап, бир гана уктаса түшүндө, ойгонсо өңүндө Сапар Исаковду ойлоп калган.

4. Түлеев Нариман – ЖКнын экс –депутаты,Бишкектин экс-мэри - 500 -700 млн.$. Түлеев Нариман кайрымдуулугун «Караванга» көрсөтчү, аны жара тартып жиберишкен. Бишкек мэр болгону үчүн автобустун айынан, камалып чыкты. Толук акталып «Ак бата» партиясы менен Бишкекке штурм жасап, оңбогондой сокку уруп экинчи орунда келген. Түлеев Наримандын оюу кандай жол менен Бишкекке мэр болуу.

5. Бурканов Арзыбек.  – ЖКнын экс –депутаты, 450 -500 млн. $ басып жаткан Буркановдун «колуна карга чычып» кайрымдуулугун азыркы бийликке көрсөтүп жатат. Ал азыркы бийликти ойлоп санаасы санга бөлүнүп жаткан учуру.


6. Сатыбалдиев Жантөрө – ЖКнын экс -депутаты , экс-премьер-министр– 450 – 500 млн. $. Кайрымдуулугу жок, миллиардаган сомдук машинасы туруп бекер дарыланып, ушунча акчасы туруп дарыгерлердин айлыгынан дары алдырчу. Камактан качып жүрөт, балким төлөөчүсүн төлөп койгондур. Мамлекеттик бюджетке адаттагыдай бир тыйын да төлөй элек. Ал ким бийликке келсе, ошону ойлоп жүрүп көнүп калган.

7.  Шадиев Аскарбек – ЖКнын экс –депутаты, экс вице-премьер -министр– 400 – 500 млн. $, Кайрымдуулугун тажиктерге көрсөтүп 104 гектар жер берген. Америкада качып жүрөт, премьер-министр Улукбек Мариповдун өкүл атасы болгондуктан аны чымын-чиркей да чакпайт.

8. Абдыкеримов Шаршенбек – ЖКнын экс-депутаты – 350 – 400 млн. $. Кайрымдуулугун ким бийликте турса ошого көрсөтөт, Атамбаевге Кой-Таштагы резиденциясын куруп берип, кийинки бийликке суналып эле жатып берген. Ден соолук байлыкты карабайт, анын ден-соолугу бир аз ыңырттап кетип, акыркы убакта ден-соолугун ойлоп жүргөндөй.

9. Жапаров Акылбек – ЖКнын депутаты – – 300-400 млн. $, Кайрымдуулугун «ДАМАС» ресторанында олигархтарды чакырып көрсөтөт. Учурда «Кумтөр» комиссиясынын башында туруп «99» деген шопур менен биригип, «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасын менчиктештирип холдинг түзүү аркетинде жалаң эле алтынды ойлоп калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости