www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын экс-саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов менен анын орун басары Олжас Абишев мамлекетке 1,5 миллиард теңге (4,1 млн. доллар) өлчөмүндө материалдык зыян келтирген деп шектелүүдө.

Бул тууралуу прокурор Төлеген Жараспаева мурдагы аткаминерлердин бөгөт чарасы каралып жаткан Нур-Султандагы тергөө сотунун отурумунда билдирди.

Прокурордун айтымында, 2015-жылы Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматтык системаларды алуу үчүн Хорватиянын Ericsson Nikola Tesla компаниясы менен келишим түзгөн. Биртанов платформа «иштебей турганын» билген, бирок орун басарынын макулдугу менен аны пилоттук негизде ишке киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

«Биртанов менен орун басары 2018-жылы Нур-Султандагы көргөзмөдө бул платформанын компонентин тааныштырган. Кийинчерээк платформаны өндүрүштө колдонууга киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Бирок платформа бүгүнкү күнгө чейин ишке бериле элек. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтык системалары менен интеграцияланган эмес. Өз кезегинде бул саламаттык сактоо органдарынын пандемия маалындагы ишине терс таасирин тийгизди», — деди прокурор.

Ал соттон мурдагы министрдин үй камагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартууну, анын турак жайынан сыртка чыгуусуна, байланыш каражаттары менен колдонуусуна жана жакындарынан башка адамдар менен сүйлөшүүсүнө тыюу салууну өтүндү. Буга чейин сот Биртановго кечки сегизден эртең мененки жетиге чейин үйдөн чыкпоо шарты менен жумушка барып турууга уруксат берген.

49 жаштагы Елжан Биртанов былтыр ноябрда кармалып, тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган. Ал Казакстандын саламаттыкты сактоо министри кызматында 2017-жылдын январынан 2020-жылдын июнуна чейин иштеген. Өлкөдө коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп, ооруканаларда орундар жетишпей жаткан маалда отставкага кетип, анын ордуна Алексей Цой министр болуп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости