www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жайды каттоо боюнча республикалык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Министрлер кабинети билдиргендей, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов айрым жарандар эл каттоо маалында үйлөрүндө жок болуп калганын, ошондуктан кайрадан каттоо иштерин өткөрүүнү сунушташканын айтты.
«800дөн ашык тургун «1216» ишеним телефону, ошондой эле массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу кайрылышкан. Жалпысынан 2000ден ашык арыз катталган», - деди Кудайбергенов.
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев белгилегендей, калкты каттоонун негизги максаты — калктын саны жөнүндө так маалымат алуу. «Биз контролдук кыдырууну үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин узартышыбыз керек», - деди Кожошев.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында калкты жана турак жайды каттоо үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлөт. Ошол эле учурда кандайдыр бир себептер менен эл каттоодон өтпөй калган адамдар үчүн контролдук каттоо өткөрүлөт.
«1216» ишеним телефону эл каттоодон өтпөй калгандардын арыздарын кабыл алууну улантат. 0502 159 815 жана 999 183 020 WhatsApp номурлары аркылуу да кайрылса болот.
Булак: NazarNews.kg