www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Атамбаев экономикалык кылмыштардан тышкары түрмөдөн качкандарды аттырганы үчүн да жооп бериш керек», - деди бүгүн, 8-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Качкын-байке, Атамбаевге чындап эле орой мамиле жасалып жатабы же анын тарапташтары Атамбаев кор болду деп коомдук пикир жаратууга аракет кылып жатышабы?
- Атамбаевдин тарапташтары Атамбаевди таза кишидей жазып, жөн койсоң баатыр кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Чынында Атамбаев кылмышты ылгабай жасаган.
Экономикалык кылмыштардан тышкары түрмөдөн качкандарды аттырган. Түрмөдөн качкан тогуз кишинин бирөө эле аман калган.
Башкасын уруп, атып өлтүрүшкөн. Ал турсун кытайдын чек арасынан өтүп келаткан 11 куралсыз уйгурду аттырып салган. Куралсыз адамды аттырып салган да кылмыш. Азыркы бийлик Атамбаевдин мына ушул катачылыктарын да айтып, жоопкерчиликке тартышы керек.
- Прокурор Атамбаевди сотко күчтөп алып келүүнү талап кылса, Атамбаев «мен сотко катыша албайм, отура албайм, сотту менсиз деле өткөрө бергиле» деди. Сот ансыз деле боло берсе болобу?
- Атамбаев сотко кааласа келип, каалабаса көрүнгөн шылтоону айтып келбей койгудай сот аш же той эмес да. Камалдыңбы сотко келишиң керек. Кылмышты кылып жатканда ойлонбой жасады беле, эми жооп берсин. Жооп берерде оорукчан болуп көрүнүүгө аракет кылганы жарабайт. Ошон үчүн сотко алып келиниши керек.
- Кызы тарткан сүрөт боюнча кандай комментарий бересиз?
- Бала деген табиятынан өз атасына жан тартат. Азыр Жогорку Кеңешке отурган уулу да оппозиция болумуш болуп, бир жактуу сүйлөп отурат. Кызы болсо, атасы президент мезгилде адилеттүү башкаргансып тигинтип сүрөт тартыптыр. Чынында Атамбаевдин бардык кылмыштарын эске алып, кыргыз элинин алдында жоопкерчиликке тартыш керек.
Булак: NazarNews.kg