www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алтынды өндүрүү иши колубузга өткөнү зор жеңиш, чоң утуш болду», - деди бүгүн, 8-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Кумтөрдү 100 пайыз мамлекетке алдык. Уттукпу же утулдукпу?

- «Кумтөрдүн» 100% акциясы Кыргызстанга толугу менен өткөнүн президент өзү жар саллды. Буга албетте, ишенебиз да? Баарынан кубанычтуусу «Кумтөр Голд Компани» дүңү менен бизге өткөнү укмуш болуптур! Иштесе болот экен, го?

Бул - Кыргызстандын экономикалык тарыхында зор бурулуш этап болуп калмакчы! Бул албетте, чоң жеңиш, зор утуш болду.

Эң башкысы, алтынды өндүрүү иши колубузга өттү. Эми жакшы менеджмент, эффективдүү маркетинг талап кылынат.

Анткени, өндүрүлгөн алтынды сатуу ишин дагы Кабмин колуна алды. Бул абдан чоң милдет. Коррупцияны ооздуктап, өндүрүштү түптөп кетүү милдети алдыда турат.

Эл эми андай ишке жол бербейт. Мындай жеңиш оңой келген жок.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 4-апрелде министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости