www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди. Асадовдун билдиришинче, Султанов Мирзиёевдин жарлыгы менен “саламаттыгы боюнча башка кызматка өткөндүгүгө байланыштуу” кызматынан бошотулду.

55 жаштагы Алишер Султанов 2019-жылы февралда министрлик жаңы түзүлгөндө анын башчылыгына дайындалган. Ага чейин ал бир жарым жыл вице-премьер – геология, отун-энергетикалык, химиялык, нефтехимиялык жана металллургиялык өндүрүш башкармалыгынын башчысы болгон.

Энергетика министри болуп ким дайындалаары тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости