www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылды

Калкты жана турак жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ага ылайык, мындай чечим Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, өлкөдө калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин белгиленген. Бирок COVID-19 тарап жаткандыктан 20-апрелден 29-апрелге чейин өткөрүү чечими чыккан. Эми анын жаңы убактысы айтыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости