www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков акыркы жылдары Кыргыз Республикасы менен ФАОнун ийгиликтүү кызматташтыгынын аркасында олуттуу жыйынтыктар жаралганын белгиледи.

Эл өкүлү буга органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, фермерлерди жана кооперативдерди колдоо, мал чарбачылыгы жана ветеринария тармагын жакшыртуу, агроазык-түлүк секторун санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында жасалган жумуштарды мисал кылды.
 
Ал эми депутат Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбасын алдыга жылдыруу, сертификациялоо тутумун жакшыртуу, мектеп тамак-ашы, жашылдандыруу жана тоо туризмин өнүктүрүү боюнча маселелерге көңүл буруп, бир катар сунуштары менен бөлүштү.

Өз кезегинде Олег Гучгельдыев дагы ФАОнун негизги багыттары, өлкө аймагындагы ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары тууралуу кеңири сөз кылып, өзү өкүлчүлүк кылган уюм Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Последние новости