www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын шаары боюнча сел түшүүчү 131 кооптуу аймак бар. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирип, селди алдын алуу максатында 1600 метр канал казуу, РТС, М.Сыдыков, Ак-Коргон, Батыш чөлкөмдөрүнөн 8 көчөдө сел өткөрүүчү каналдарды жана арыктарды тазалоо пландалып жатканын кошумчалады.
Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом каралып, күйүүчү майдын кору даярдалган.
Маалыматка караганда, калаа башчы Жылдызбек Беккелдиев шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы менен бирге коопту аймактарды кыдырып, калктуу конушту сел каптоо коркунучу бар аймактарды жеринде көрдү.