www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Гулчөдө калкты тейлөө борборун ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести.

Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта кеңселер бар. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган.

Садыр Жапаров кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, калкты сапаттуу тейлөөгө чакырды.

«Эгерде тынчтык жана туруктуулук болсо, биз дагы көптөгөн ушундай объекттерди курабыз, жолдор да жакшырат. Эң башкысы — тынчтык, ошондо баары жакшы болот», — деди Президент.

Белгилей кетсек, өткөн жума күндөн бери мамлекет башчысы Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында ал бир катар социалдык объекттерди ачып, жергиликтүү тургундар менен түз диалог форматында жолугушууларды өткөрүүдө.

Последние новости