www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө казынасын үнөмдөө үчүн жеңилдиктерден баш тартуу популисттик адам болгонун кечээ күнкү парламенттик жыйында айтып чыгышты. Отурумда «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү каралган. Ага ылайык, мыйзамчыларга мындан ары кызматтык унаа, батир жана курортко эс алууга жолдомо берилбейт болчу.
Бирок бул жагдай туура эместигин, жеңилдиктен баш тартуу депутаттардын ишмердүүлүгүн солгундатаары айтылды. Депутат Исхак Пирматов АКШнын конгрессмендеринде кызматтык унаа жоктугун, бирок 18 жардамчысы бар экендигин айтып: «Бир жардамчы сапаттуу мыйзам долбоор жаза албайт», – десе, Талайбек Масабиров кол тийбестиктен баш тартып, жеңилдиктерди калтырууну сунуштады.
Депутат Айнура Осмонова парламент күчүн жоготкондугун, баарын тарттырып коюп жаткандыгына кейиди. Ирина Карамушкина жеңилдиктен «Республика – Ата-Журт» фракциясы баш тартканын башкаларга таңуулабаш керектигин, бул мыйзам кабыл алынса интеллигенция өкүлдөрү парламентке келе албай калаарын эскертти.
Булак: Фабула