www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар убакта элине ак эмгегин, чаалыкпас таза кызматын өтөгөн, элинин жашоо-турмушун, иштериндеги ийгилигин, көкүрөгүндөгү көйгөйүн терең түшүнө алган, жан дүйнөсү таза, эрки күчтүү, башкаларга жарыгын чачкан айкөл инсан, өнө-боюна табиятынан бүткөн калыстыгы, чечкиндүүлүгү менен өлкө мүдөөсүнө, калк каалоосуна камкор мамиле кылган, адамдын ички дүйнөсүн түшүнө билген химия илиминин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимов агабыз кыргыз элине нар көтөргүс эмгегин өтөп келе жатат.

Кыргыз элинен сырткары чет өлкөлөрдөгү дүйнөлүк илимдин аалымдарына чейин аттын кашкасындай таанымал белгилүү окумуштуу Бектемир агабыз илимпоз, ректор, депутат катары ишмердүүлүгүнүн башкы максаты - өз эли үчүн кызмат кылып келаткандыгында. 1965-жылы 25 жаш курагында химия илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргоп, ОшПИнин гана эмес, Түштүк Кыргызстандын тарыхында илимдин эң жаш кандидаты аталып, жаш курагы боюнча учурунда рекорд койгон.

Иште да, жашоодо да адептүүлүктүн, адамгерчиликтин жогорку үлгүсүн көрсөтүп, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда эмгектенип жүргөндө жигердүү жетекчи катары студенттерден тарта, окутуучуларга кара кылды как жарган калыстыгы менен бүтүрүүчүлөрдүн билимин баалоодогу обьективдүүлүгү, припципиалдуулугу менен айырмаланып, Оштогу жогорку технологиялык колледжди жетектеген беш жылда Кыргызстандагы эң алдыңкы жана үлгүлүү окуу жайлардын бири катары тааныта алган.

Б.Мурзубраимовдун чаалыкпас ишмердүүлүгүнүн натыйжасында ОЖТК университеттик статуска ээ болуусу, атайын адистештирилген жана өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайлардын катарына кошуулусу жана эл аралык стандарттан кем калышпаган жаңы окуу-лабораториялык корпустардын салынышы, окутуучуларга жана кызматкерлерге кошумча каражат издеп таап, ОшМУ ЖОЖдор, министрлик системасында жогорку акы төлөнүүчү бирден-бир ЖОЖдордун катарына кириши ал кездеги Бектемир агайдын баалуу эмгектеринин бир үзүрү болгон. Табиятынан төгөрөгү төп келген маданияттуулугу, чынчылдыгы, сергектиги, салабаттуулугу менен илим-билимге сугарылып, глобалдуу ой жүгүртүп, 1985-жылы Ташкент шаарында докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Химия технологиясы жана органикалык эмес химия илими боюнча ири окумуштуу катары 300дөн ашык эмгектери, ЖОЖдор үчүн окуу китептери, усулдук колдонмолор, монографиялары бар. Окумуштуунун илимий эмгектери чет өлкөлөрдө бааланып жаткандыгы сыймыктуу көрүнүш. Анын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары ондогон эл аралык, союздук жана республикалык илимий форумдарда апробациядан өткөн жана 55 илимий эмгеги чет тилдерге которулган. Мезгилинде СССР Илимдер академиясынын Н.С.Курнаков атындагы медалы менен сыйланган.

Түштүк региондогу минералдык-сырьелук ресурстардын өнүгүшү боюнча Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Кара-Суу райондорунда кездешкен табигый иштетилбеген байлыктарды өздөштүрүү жөнүндөгү сунуштардын автору болгон. Бектемир агайдын жетекчилиги менен Чоң-Алайдагы таш туз жаратылыш кенин казып алуу жана иштетүү үчүн атайын илимий топ түзүлүп, жыйынтыгында түрдүү сорттогу аш тузу, каустикалык сода, хлорду алуунун технологиясы иштелип чыгып өндүрүшкө киргизилген. Интеллектуалдык көрөңгөсү, акыл ишмердүүлүгү менен илим жаатында өзгөчө көңүл буруп, жаш изилдөөчүлөр, аспиранттар менен тыгыз байланышып, аларга дамамат камкордук көрүп, үч илимдин докторун, 19 илимдин кандидаттын жактоосуна чоң салым кошкон. Бектемир агайдын дагы бир артыкчылыгы - илимий педагогикалык иште уюштургуч жетекчилик сапатын көрсөтсө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышындагы депутат катары билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, илим жана социалдык тармактар боюнча иш-аракеттерди жакшыртууга байланышкан жыйырмадан ашуун актуалдуу маселелерди чечүүгө жана талкууга активдүү катышкан. Депутат катары шайлоочулары менен байма-бай жолугушуп, алардын көкүрөгүндөгү көйгөйүн, ой-пикирин, арыз-муңун угуп, кезегинде аларга моралдык жана материалдык жардамдарды көрсөтүп келген. Өзгөн районунун кулуну катары райондун борборуна жогорку окуу жайларынын филиалдарын ачып, алыстан келген, окуудан кыйналган студенттерге жеңил шарттарды түзүп берген. Ар бир элдин өзүнө тиешелүү каада-салты, үрп-адаты бар. Бектемир агайдын элдик каада-салтты профессионал философтун деңгээлинде билээрин жана аны эл арасында ар тараптуу жөндөмүнүн жогору экендигин тастыктап турат. 1994-жылдын 21-январында Кыргызстан элинин курултайы өткөрүлүп, расмий түрдө Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана анын башкаруу органдары түзүлүп, Уставы ж.б. уюштуруучу документтери кабыл алынып, юридикалык субьект катарында өз милдетин аткарууга киришкен. Анда "Биримдиктин, тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин декларациясы" да жарыяланып, Ассамблеяга Кыргызстандагы бардык этностордун арасындагы түшүнүшүүнү жана ынтымак-ырашкерликти камсыз кылууга байланышкан ырааттуу иштерди жүзөгө ашыруу, республикадагы бардык этносорду жакындаштыруу жана аларды жалпы адамзаттык гуманисттик баалуулуктарга кошуу, улуттардын маданий жетишкендиктерин жана каада-салттарын даңазалоо максатында маданий массалык жана кайрымдуулук иш-чараларын жүргүзүү сыяктуу өлкөнүн улуттук саясатына байланышкан маселелер милдет кылынып коюлган. Бектемир агайыбыз Кыргызстан Ассамблеясын 2011-жылдан 2016-жылга чейин жетектеп, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коомдук, өкмөттүк эмес уюмдар, бирикмелер, илимий жана билим берүүчү мекемелер менен биргеликте тыгыз иштешип, Ассамблеянын ишин илгерлетүүгө чоң салым кошкон.

Эл жүгүн аркалаган залкар адам Бектемир Мурзубраимовичтин күн тынымын билбеген, түн уйкусун алган зор эмгегинин акыбети кайтып, бир нече сыйлык-сыймыктардын ээси болуу менен миң кырдуу, бир сырдуу залкарлыгынан жалпы эл оозуна алынып, атпай кыргыз журтуна таанымал болуп отурат. Агайыбыздай залкар окумуштуунун, миңдеген кадрларды тарбиялап, билим-таалим берип, өстүрүп чыгарган устаттын коомдогу олуттуу маселелерге кайдыгер карап турбай, дайыма өз позициясын билдирип, активдүү аралашып келаткан чоң мамлекеттик жана коомдук ишмердин жарым кылымдан бери аткаргандарын кичинекей бир макала менен жеткире айтууга мүмкүн эмес.

Бул макаланы агайыбыз жөнүндө сөздөрдүн башталышы деп эсептесеңиздер туура болот. Ошондуктан Бектемир агайды билим берүү, илим жана мамлекеттик, коомдук иштер боюнча жакшы билгендер толуктап, бул макалага үн кошуп, агайдын инсандык, илимпоздук, педагогдук, жетекчилик сапаттары, өзгөчөлүктөрү жөнүндө ойлорун, байкоолорун басылмалар аркылуу ортого салышса жакшы болмок деп ойлойбуз.

Асан Акматов

Булак: "Фабула"

 

 

Последние новости