www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Адилет, жакында жеке концертиңди бергени жатыптырсың, даярдык кандай?

- Буюрса даярдык жакшы. Учурда продюсерим менен биргеликте концерттин даярдыктары менен чуркап жүрөбүз. Жаңы ырларды жаздырып, концертте кие турган кийимдерди тиктирип, бий топтору менен биргеликте бийлөө үчүн бий үйрөнүп, кыскасы, концертке керектүү жумуштардан бошой албай жаткан кезибиз. Концерт өзгөчө болсун деп колдон келген аракетти көрүп жатабыз. Концертимде эстрада ырларын эле ырдай бербей, концерттин экинчи бөлүгүндө жалаң диапазону бийик, салмактуу ырларды фонограммасыз ырдайын деп жатам. Ушул кезге чейин мен бир катар эл аралык сынактарга катышып келдим. Ошол сынактарда ырдаган ырларымды эч жерде ырдаган эмесмин. Ушул концертимде конкурста ырдаган ырларымды да ырдап чыгам. Мындан сырткары жаңы ырларым да жаңырат. Баса, жеке концертимде обону өзүмө таандык "Сага" деген ырымдын бет ачары да болот.

- Обон да жаза баштадыңбы?

- Башында мен да обон жазгандарга аябай таң калчумун. Обон кантип жаралат, кантип жазышат деп ойлой берет элем. Бир күнү үйгө келсем атам ямаха алып келип, бөлмөмө коюп коюптур. Абдан чарчагам. Уктайын деп уктай албайм, ямаханы ойно деген ички сезимим тынчтык бербей, акыры туруп аны баскылап отуруп обон жазып койдум. Өзүм таң калдым. Көрсө обон кокустан жаралат турбайбы деп калдым. Себеби буга чейин атайын жазайын деп аракет кылып жаза албай, башкалардан жардам сурачумун да. А бул жолу өзүнөн-өзү эле обон жаралды. Аны продюсериме угуздум. Ал текстти жазды. Ошентип «Сага» деген ыр пайда болду.

- Бул сенин алгачкы жеке концертиң болсо керек?

- Ооба, Кара-Балтага тушоо кесүү катары жеке концертимди бергем. Бирок борборго жеке өзүмдүн концертимди бере элек болчумун. Жеке концерт берүү, болгондо да филармонияда концерт коюу менин бала кездеги кыялым эле. Ата-энем өнөр адамдары болуп, биздин маданиятыбыздын уюткусу болгон Улуттук филармонияга кирип-чыгып жүргөндөрүн көрүп, кичине кезимде мен да ушул жерде концерт берсем деп тилек кылчумун. Ошол тилектерим орундалып, Кудайдын буйругу менен 28-ноябрда Улупук филармонияда жеке концертимди тартуулаганы турам.

- Жаш ырчылардын көбү эле Спорт ордосуна концерт коюшат. Сен эмнеге филармонияны тандадың. Фонограммасыз ырдоо үчүнбү?

- Спорт ордосу негизи спортко ылайыктуураак десем жаңылышпайм. Филармония чыныгы маданият үйү. Кышкысын жылуу, концертке келгендер кийими менен кирип, тамак жешпейт, ызы-чуу жок, тынч. Бир сөз менен айтканда филармонияда маданият кийим илгичтен башталат. Ал жакты азыр аябай сонун кылып оңдоп коюптур. Жаңы аппаратуралар келиптир, ичи да жылуу. Мага аябай жакты. Экинчиден, фонограммасыз ырдоого шарт мыкты түзүлгөн. Концертке кел-гендер фонограммасыз ырларды уккандан рахат алышат эмеспи. Ушул жагын да эске алдым. Анан кыргыздар эптеп эле концерт бере берет деген сөздү жокко чыгарып, жеке концерт берүү форматын бир аз өзгөртүп, сапаттуу концерт берели дедик.

- Кийинки убактарда каражат көп кетет деп көп ырчылар концерт берүүдөн качып калышты. Чынында эле концерт өзүн актабайбы?

- Ооба, концерттен эч качан пайда таба албайсың. Ошол себептен бизде акыркы убактарда шоу-бизнес эмес эле, той- бизнес болуп калбадыбы. Бул чындык. Тойго ырчынын баары чыгат. Мен да барам. Эгер биз тойго барбасак ачка калабыз. Тойлор көбөйгөн сайын ырчылардын да кадыры кетти. Анткени бизди күндө бир тойдон көрөт. Кааласа сүрөткө түшүп, кааласа видеого тартып алат. Бул ырчы концерт берет экен десе, ой концертке барып эмне кылам. Аны күндө тойдон көрүп тажадым» деген деңгээлге жеттик. Буга чычалаштын да кереги жок. Анткени чындык. Элди тажатпаш үчүн, концерттерге эл кайра келсин десек биз тойго барганыбызды азайтып, той ырларынан сахна ырларына кайтышыбыз керек. Бир ырчы бир айда эки жолу тойго барса, ошондо элдерде да ырчыларды сагынуу, алардын ырларын суусап угуу. концерттерге келүү каалоолору ойгонот беле дейм. Ал үчүн ырчылардын тойдогу «ставкасын» көтөрүү зарыл.

- Азыр деле аз эмес го?

- Башка жактын ырчыларына салыштырмалуу аз эле. Маселен, чет жерден же коңшу мамлекеттен эле ырчы келип концерт берсе билеттерин 5000 сомдон, 100 доллардан сатып алып биздин эл эле кирет да, биздин ырчылар 500 сомдон, 1000 сомдон билет сатса «өзүн укмуш сезип алган го. Оуу, ошончо кымбатпы» дешет. Мына ушундай нерселерди көргөндө ыйлагың келет. Биз өзүбүздү-өзүбүз колдобосок ким колдойт, ким бизди көтөрөт. Маданият өсүш үчүн чыгармачыл адамдарды колдош керек да. Чет жерден келген ырчы деле биз сыяктуу фонограмма менен ырдайт, биз бийлеген бийди бийлейт. Бирок алардын билеттери биздикинен 3-4 эсе кымбат. Бирок барып кирип эле, зал толуп жатпайбы.

- Мурда жеке ырчы элең, кийин прдюсер менен иштеше баштапсың. Продюсер менен иштөөңө эмне себеп болду?

- Мен ар кайсы конкурстарга барып катышып, чакырган концерттерге барып ырдап коюп эле жүрө бердим. Такыр шоу- бизнеске аралаша албай койдум. Ошондо продюсерим Зарина «Адилет, кел экөөбүз иштейли» деген сунушун киргизди. Иштеп көрөлү дедим. Мага абдан жакты. Мендей жалкоо адамдарга керек экен продюсер. Жумушум жеңилдеп, ырдаганды гана билип калдым. Калган жумуштарды продюсерим бүтүрөт. Буюрса, декабрда келишимибиз аягына чыгат. Андан ары иштеп кетебизби-жокпу айта албайм. Билинбей эле прдюсерим менен иштегенге 3 жыл болуптур. Жакшы ийгиликке жетиштик. Эми мага да убакыт келди. Үй-бүлө күтүшүм керек. Эгер үйлөнсөм продюсер менен ишимди токтотом. Бирок качан үйлөнөм аны айта албайм.

- Конкурстарга көп катышчу элең, дагы сынактарга баруу пландарың барбы?

- Албетте, бар. «Голос» долбоору, «Юрмала», «Славян базары» сынактары азыр кыялымда. Кудай буюрса, ушул сынактарга катышып башкы орундарды багындырсам, конкурстарды жыйыштырат элем.

- Бизде эң башкысы жеңиш эмес, катышуу деген жакшы сооротуучу сөз бар эмеспи, сага катышуу максат эмес, жеңиш максатпы?

- Чыгармачылыкка жаңы аралашып жатканда ушул сөздү айтсаң жарашат. Азыр бизге эң башкысы катышуу деген уят. Кыргыз элин намыска калтыргым келбейт. Ал мага уят. Мен жок дегенде 3-орунду алышым керек. Болбосо, Гран-при же 2-орунду багындырышыбыз зарыл деп билем.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА

Булак: "Фабула"

 

 

 

Последние новости