www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Шинхан университетинин ректору Кан Сон Чжон мырза менен жолугушту. Бул тууралуу өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Жолугушууда билим берүү, туризм жана маданият тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулаштык. Тактап айтканда, Шинхан университети менен студенттерди алмашуу программалары боюнча кызматташууну талкуулап, Кыргызстандын жарандарын стипендиялык негизде окутуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштадым. Мындан тышкары, Кыргызстанда корей тили факультеттери менен университеттер бар экенин айтып, ушуга байланыштуу Шинхан университетинин Кыргыз Республикасында филиалын ачууну сунуштадым. Ошондой эле, Шинхан университети менен биргеликте Нооруз майрамына карата кинофестивалды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкууладык.

Өз кезегинде Кан Сон Чжон мырза эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди карап чыга тургандыгына ишендирди. Мындан тышкары, ал Кыргызстанга ыктыярчылар тобун жөнөтүү ниетин билдирди. Ошондой эле, Шинхан университети «Face of Asia 2022» сынагынын уюштуруучуларынын бири болгонун, анда тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын командасы эл аралык сулуулук сынагында жеңишке жеткенин маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантууга, ошондой эле туруктуу байланыштарды сактоого макулдашыштык, - деди Исмаилова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости