www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева философия илимдеринин доктору, Кытай Коомдук илимдер академиясынын Этникалык адабият институтунун профессору Адыл Жуматурдуго Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле улуттук маданияттарды өз ара байытууга жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууга кошкон салымы үчүн Улуттук Академиянын «Ардактуу академиги» «Манас» жана «Чыңгыз Айтматов» төш ​​белгисин жана дипломун тапшырды.

Адыл Жуматурду – Кытайда “Манас” эпосун изилдөөгө салым кошкон. “Манас” операсын кытай тилинде коюу сценарийи Жусуп Мамайдын тандоосунун негизинде жазылып, профессор Адил Жуматурду кытай тилине которгон.

Иш-чаранын алкагында профессор Адыл Жуматурду Ч.Айтматов, М.Байджиев, С.Раевдин, ошондой эле белгилүү кыргыз акындарынын А.Осмонов, Т.Молдо, К.Тыныстанов, Т.Сатылганов ж.б. кытай тилине которулган чыгармаларынын жыйнагын элчиликке тапшырды.

Иш-чарага Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Этникалык адабият институтунун директорунун орун басары Дин Цици, аталган институтунун бөлүмүнүн башчысы Мао Цяохэй жана илимий кызматкерлери катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости